Кырчын жайлоосунда “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасынын курулушу дээрлик аяктап калды.
Маданият министринин орун басары Аскаралы Мадаминов билдиргендей, оюндар учурунда бул жерде эки тематикалык шаарча иштейт: бири кол өнөрчүлөр үчүн, экинчиси этно-фудкорттор үчүн уюштурулат. Эки шаарчада тең түрдүү сынактар, фестивалдар жана мастер-класстар өтөт.
Фудкорт аймагында 42 үй жайгашып, ар бири өзүнүн менюсун сунуштайт. Ал эми кол өнөрчүлөр шаарчасында 22 үй каралган.



