Кырчында абал тынч, тартип көзөмөлдө

Ички иштер министри Улан Ниязбеков билдиргендей, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы иш-чаралар учурунда коомдук тартип жана жарандардын коопсуздугу толук камсыздалууда.

 

Министрдин айтымында, саамалыктын алгачкы күндөрүндө элдин агымы көбөйгөнүнө байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

 

Жайлоо аймагында коомдук тартипти жана укук бузуу катталган эмес.

 

Ошондой эле ипподромдогу спорттук мелдештер учурунда спортчулардын, көрүүчүлөрдүн жана коноктордун коопсуздугу көзөмөлдөнүп жатат.