Кыргыстанда аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдарына, ата-энеси жокторго жана майыптыгы бар балдардын эс алуусуна 15 миллион сом бөлүндү

Кыргыстанда аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдарына, ата-энеси жокторго жана майыптыгы бар балдардын эс алуусуна 15 миллион сом бөлүндү. Алар Ысык-Көлдөгү “Алтын Балалык” эс алуу борборунда жайгаштырылат.

 

Биринчи агым менен балдар эс алууга 10-июнда жөнөп кетет. Лагерде алар үчүн ийримдер, компьютердик сабактар жана англис тил курстары каралат.