Кыргыз балын Кытайга экспорттоо төрт эседен ашык көбөйдү

Кыргыз балын Кытайга экспорттоо быйылкы жылдын алгачкы жарым жылдыгында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төрт эседен ашык көбөйдү. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын маалыматында айтылат.

 

Алты айдын ичинде Кытайга болжол менен 88 тонна кыргыз балы экспорттолгон. Анын негизги бөлүгү май-июнь айларына туура келди.

 

Экспорттун акчалай көлөмү дээрлик 8,5 эсеге өсүп, 692,5 миң долларга жетти.

 

Белгилеп кетсек, Кытайда 1 килограмм балдын орточо баасы 3төн 3,5 долларга чейин бааланат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.