Кыргыз-беларус бизнес-форумунун жүрүшүндө жалпы суммасы 5 миллион доллардан ашкан 20га жакын келишимге кол коюлду.
Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев билдирди.
Анын айтымында, жетишилген макулдашуулар эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга шарт түзөт. Форумдун жүрүшүндө ишкерлер ортосунда түз сүйлөшүүлөр, инвестициялык долбоорлор жана кооперациялык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.



