Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылды

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылды. Чек ара кызматынан билдиришкендей, бүгүн “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү түйүндөрү Кытайда “Эмгек күнү” белгиленгенине байланыштуу жабык болот.

 

Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 2-майда жанданат.