Кыргыз-кытай соода борборун түзүү боюнча меморандумга кол коюлду

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстанда иш алып барууга кызыкдар 30дан ашуун кытай ишкерлеринин катышуусундагы “Кыргызстан — Кытай” бизнес жолугушуусуна катышты.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Төрөбаев Кыргызстан эки өлкөнүн экономикасына салым кошкон ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр экендигин билдирди. Ал Кытай ишкерлерин Ысык-Көлдө өтө турган Эл аралык экономикалык форумга жана “Жибек Жолундагы товарлар” жармаңкесине катышууга чакырды.

Форумдун жыйынтыгында Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытайдын YEMA GROUP., LTD компаниясынын ортосунда “Кыргыз-кытай соода борборун түзүү жөнүндө” меморандумга кол коюлду.

Сапардын алкагында Бакыт Төрөбаев Үрүмчү шаарындагы «Чжунтай» корпорациясынын, Эл аралык кургак портунун жана эл аралык базардын жетекчилиги менен жолугуп, эки тараптуу энергетика, соода, транспорт, айыл чарба жана жеңил өнөр жай тармактарында сүйлөшүү жүргүздү.

18-20-май күндөрү президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга барган. Анын алкагында Сианда Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугушуп, кыргыз-кытай кызматташтыгы, биргелешкен долбоорлор талкууланганын президенттин басма сөз кызматы кабарлаган.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө лидерлер Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна көңүл буруп, аны ишке ашырууну тездетүү маанилүү экенин белгилешкен.