Светлана Аширова маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, 2024-жылдын 23-октябрынан тартып Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды. Маданият министрлигинен билдиришкендей, жаңы директорду эмгек жамаатына министр Алтынбек Максүтов тааныштырды.
Ал эми цирктин мурдагы директору Рыскул Боромбаев башка кызматка кетип жаткандыгына байланыштуу өз арызынын негизинде иштен бошотулду.
Светлана Аширова буга чейин аталган циркте көркөм жетекчи кызматында эмгектенип келген.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



