Бишкек шаарындагы Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору алмашты.
“Ынтымак ордо” президент Садыр Жапаров цирктин жаңы жетекчиси Нурлан Конокбаевди кабыл алып, кызматкерлердин ортосундагы ички пикир келишпестиктерден улам мекеме толук кандуу иштебей жатканын айтканын билдирди.
«Ушуга байланыштуу мекемеге сырттан жетекчи тартуу чечими кабыл алынып, цирктин директору кызматына Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды», — деп айтылат маалыматта.



