Кыргыз-тажик чек арасынын дээрлик бардык тилкеси зым менен тосулат

Кыргыз-тажик чек арасынын дээрлик бардык тилкеси зым менен тосулат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Абдикарим Алимбаев “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, демаркациялоо жумуштары 1-майга чейин башталып, быйыл бүтөт.

 

Эске салсак, буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткенде жергиликтүү тургундар менен жолугушканда кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо башталарын билдирген.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.