Кыргыз-тажик чектеш аймагындагы Ак-Сай абалы боюнча сүйлөшүүлөр бүгүн уланат

Кыргыз-тажик чектеш аймагындагы Ак-Сай абалы боюнча сүйлөшүүлөр бүгүн уланат. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Эске салсак, 17-апрелде суу бөлүштүрүүчү жайда Баткен райондук суу чарба ишканасынын кызматкерлери оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатканда Тажикстандын чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышкан.

 

Окуя болгон жерге чектеш Баткен жана Исфара райондорунун башчылары барып, сүйлөшүү жүргүзүштү.