Кыргыз, тажик жана өзбек чек аралары кесилишкен чекит жөнүндөгү келишим ратификацияланды. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Бул документти Жогорку Кеңеш 25-июнда кабыл алган. Келишимге үч өлкөнүн президенттери 31-мартта Тажикстандын Худжанд шаарында кол коюшкан. Чек аралары кесилишкен чекитте символикалык стела орнотулган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



