Кыргыз-өзбек ишканасында биринчи унаа ушул жылдын июль айында чогултулат

Кыргыз-өзбек ишканасында биринчи унаа ушул жылдын июль айында чогултулат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди.

 

Анын айтымында, долбоор үч этап менен ишке ашат. Биринчисинде 10 миң даана унаа жана коммерциялык техника чыгарылат. Өндүрүү процессине 500дөй адам тартылат.

 

Экинчи этапта кубаттуулук 20 миң машинеге чейин көбөйтүлсө, үчүнчүсүндө көлөм 30 миң унаага жеткирилип, ишканада 2 миң кызматкер эмгектенет деп пландалууда. Эске салсак, унаа чогултуучу завод Чүй облусунда пайда болот.