Казакстандын өкмөтү визасыз режим иштеген өлкөлөрдүн жарандарына электрондук уруксат берүү чарасын киргизет.
Чет элдиктер аз убакыттан кийин бул өлкөгө кирүү үчүн QazETA аттуу тиркемеге алдын ала катталып, андан соң гана барышы керек болот.
Тагыраагы, 1-ноябрдан тартып Казакстанга учак менен учуп келгендер, 15-ноябрдан тартып Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөргө чек ара аркылуу киргендер, 30-ноябрдан тартып уюм ичиндеги өлкөлөрдөн – Россия жана Кыргызстандан киргендер аталган тиркемени колдоно башташат.
Уруксаттын акысы 800 сомдон 1 миң 500 сомго чейин болушу мүмкүн.



