“Кыргызкөмүр” Бишкек жана Чүйдө көмүрдү атайын отун базаларында сатып баштады.
Компания жарандарга күз-кыш мезгилине алдын ала даярданууну, суук түшкөндө ажиотаж жана кезек жаралбашы үчүн көмүрдү эртерээк сатып алууну сунуштайт.
12-августтан тарта базаларга Кара-Кече кенинен көмүр түшүрүлүп жатат. Жакын арада Миң-Куш кенинин Агулак участогунан да көмүр жеткирүү башталат. Мамлекеттик базалардагы бааларды Монополияга каршы кызмат бекиткен. Бишкекте көмүрдүн бир тоннасы 7 миң сомдон, Чүй облусунда районго жана жеткирүү чыгымына жараша 6 миң 600 сомдон 7 миң 500 сомго чейин сатылууда.



