Кыргызстан 2 заманбап жүргүнчү учагын сатып алат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Тиешелүү келишимге Ысык-Көлдө өтүп жаткан кыргыз-орус экономикалык форумунун алкагында кол коюлду.
Документке ылайык, Airbus A320 же Boeing 737 тибиндеги заманбап эки жүргүнчү учагын алуу каралган. Биз бул долбоорду ишке ашыруу менен авиакаттамдардын сапаты жогорулап, жарандар үчүн учуулардын ыңгайлуулугун жана жеткиликтүүлүгү артат, — деди ишкананын жетекчиси Манасбек Самидинов.



