Кыргызстан 2027-жылы Германияга түз аба каттамдарды ачат. Учуулар эң акыркы үлгүдөгү Airbus A321 лайнерлери менен аткарылат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропортторунун” төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын март айында эки жаңы аба кемесин сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Учактар 2027-жылдын март айында келет жана Кыргызстандын жарандык авиациясынын флагмандары болуп калат, — деди Самидинов.
Эске салсак, Кыргызстан авиа коопсуздук боюнча Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгарылды.



