Кыргызстан авиа коопсуздук боюнча Европа Биримдигинин «кара тизмесинен» чыгарылды.
Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, Европа Комиссиясынын Мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы башкармалыгы Кыргызстанда сертификация алган бардык аба компаниялар тизмеден чыкканын белгилеген.
Белгилеп кетсек, Кыргызстан бул тизмеде 2006-жылдан бери турган болчу. Маалыматта акыркы жылдары жарандык авиацияны реформалоо, учуулардын коопсуздугун мамлекеттик көзөмөлдөөнү бекемдөө жана улуттук системаны ИКАОнун эл аралык стандарттарына шайкеш келтирүү боюнча системалуу иштер жүргүзүлгөнү айтылат.



