Кыргызстан биринчи жолу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине мүчө болуп шайланды.
3-июнда Башкы ассамблеядагы добуш берүүдө Кыргызстан Азия-Тынч океан аймагына бөлүнгөн орун үчүн атаандаш болгон Филиппинди артта калтырды.
Эки мамлекет добуш берүүнүн үч айлампасында жетиштүү добуш ала алган жок. Төртүнчү айлампада гана Кыргызстан 142 добуш менен алдыга чыкты.
Өлкө Коопсуздук кеңешиндеги эки жылдык мөөнөтүн 2027-жылдын 1-январынан тартып баштайт.
Кыргызстан Коопсуздук кеңешине тарыхында биринчи жолу шайланып жатат. Борбор Азия мамлекеттеринен Казакстан гана 2017-2018-жылдары бул милдетти аркалаган.



