Бул тууралуу каржы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдө карыз деңгээли ички дүң өнүмдүн 41,7% түзөт.
Ушул жылдын март айындагы маалыматта Кыргызстандын мамлекеттик карызы 9 миллиард 800 миллион долларды түзгөн. Анын 4,5 миллиардан ашыгы ички, 5 миллиардан көбү тышкы карыз.
Өкмөт карыздар кийин киреше бере турган тармактарга жумшалып жатканын белгилеп келет.



