Кыргызстан быйыл 4 млрд кВт/сааттан ашык электр энергиясын импорттойт.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйында айтты.
Өкмөт электр энергиясы кайсы өлкөлөрдөн сатылып алынарын тактаган жок. Күз-кыш мезгилинде калк 1 миң 483 тонна, бюджеттик мекемелер 319,5 миң тонна көмүр керектейт деп эсептелген. Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы керектөөнү жаппайт. Андан улам жыл сайын күз-кыш мезгилине Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Россиядан электр жарыгын сатып алат.



