Кыргызстан быйыл коңшу өлкөлөрдөн 4 млрд кВт саат электр энергиясын сатып алат

Кыргызстан быйыл коңшу өлкөлөрдөн 4 млрд кВт саат электр энергиясын сатып алат.

 

Бул тууралуу энергетика министринин биринчи орун басары Өмүрбек Жеңишбеков билдирди.

 

Анын айтымында, быйыл өлкө 19,6 млрд кВт саат электр жарыгын колдонот деп эсептелген. Анын ичинен 15,7 млрд кВт саатты Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы менен жабат деп күтүлүүдө. Белгилеп кетсек, Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы керектөөнү жаппайт. Ушундан улам жыл сайын күз-кыш мезгилине Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Россиядан электр жарыгын сатып алат.