Кыргызстан быйыл коңшу жана өнөктөш мамлекеттерден дээрлик 5 миллион кВт/саат электр энергиясын импорттоону пландап жатат

Кыргызстан быйыл коңшу жана өнөктөш мамлекеттерден дээрлик 5 миллион кВт/саат электр энергиясын импорттоону пландап жатат. Бул тууралуу Энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.

 

Анын айтымында, импорт ички өндүрүш менен бирге энергетикалык системадагы жүктөмдү тең салмактап, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.