Кыргызстан былтыр мамлекеттик карызды төлөөгө 77 млрд сом жумшады

Кыргызстан былтыр мамлекеттик карызды тейлөөгө республикалык бюджеттен 77 млрд сомдон ашык акча жумшады. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев билдирди.

 

Мунун ичинен дээрлик 46 млрд сом тышкы карызга, 31 млрд сомдон көбү ички карызга кеткен.

 

2026-жылдын май айынын жыйынтыгына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 9 млрд 951 млн доллардан ашты. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 1 млрд долларга көп.