Кыргызстан Иранга койдун этин экспорттой баштады

Кыргызстан Иранга койдун этин экспорттой баштады.

 

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, продукцияга ветеринардык-санитардык көзөмөлдөө иш-чаралары, ошондой эле сапат жана коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча лабораториялык көзөмөл жүргүзүлдү.

 

Аптасына 12 тоннадан 24 тоннага чейин, жалпы 1 миң  тонна койдун этин экспорттоо пландалып жатат.