Кыргызстан эң көп алтын саткан өлкөлөрдүн сап башында

Кыргызстан быйылкы жылдын биринчи кварталында алтын резервдеринен 3 тонна 850 килограмм алтын сатып, отчеттук мезгилде эң көп алтын саткан өлкөлөрдүн катарына кирди.

 

Дүйнөлүк алтын кеңешинин маалыматына ылайык, рейтингдин лидери — Өзбекстан, экинчи орунда — Сингапур, үчүнчүдө — Кыргызстан турат.

 

Республика баалуу металлды сатуунун көлөмү боюнча дүйнөлүк алдыңкы үчтүккө биринчи жолу кирип жаткан жок. Маселен, ушул эле уюмдун маалыматы боюнча, быйыл январь айында Кыргызстан дээрлик 2 тонна алтын сатып, Россия (3,1 тонна) жана Иорданиядан (3 тонна) кийинки эле экинчи орунда турган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.