Кыргызстан электромобилдерди бажы төлөмүсүз ташып кирүү квотасын толук пайдаланып бүттү

Кыргызстан электромобилдерди бажы төлөмүсүз ташып кирүү квотасын толук пайдаланып бүттү. Быйыл өлкөгө алгач 15 миң электромобилди бажы төлөмүсүз киргизүүгө квота берилген.

 

Августта соңуна чыккандан кийин Евразиялык экономикалык комиссия дагы 10 миң автоунаага кошумча квота бөлгөн. Учурда ал да толук пайдаланылды. Эми электромобилдерди импорттоодо 15 пайыздык бажы алымы төлөнөт.