Кыргызстан электромобилдерди өз алдынча өндүрүүгө даярданып жатат

Кыргызстан электромобилдерди өз алдынча өндүрүүгө даярданып жатат.

 

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, жаңы улуттук бренддин алдында жеңил, коммерциялык жана атайын багыттагы электромобилдер өндүрүлөт.

 

Завод жылына 10 миңге чейин автоунаа чыгарып, 100 жумуш ордун түзөт. Алгач ири түйүндөрдөн чогултуу башталып, кийин толук өндүрүшкө өтүү пландалууда. Долбоорго жеке инвесторлор каражат салып, ишкананы ишке киргизүү быйылкы жылдын үчүнчү чейрегине белгиленген.