Кыргызстан калкынын саны 7 миллион 404 миң адамга жетти

Кыргызстан калкынын саны 7 миллион 404 миң адамга жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Бир жыл ичинде өлкө калкы 1,7 пайызга көбөйгөн. Калктын өсүшү эң жогору Бишкек, Ош шаарларында жана Баткен облусунда катталган.

 

Ал эми эң төмөнкү өсүш Ысык-Көл жана Нарын облустарында. 2025-жылы Кыргызстанда 140 миң ымыркай төрөлгөн. Эң жогорку төрөт деңгээли Баткен облусунда катталса, андан кийин Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустары турат.