Кыргызстан Кытай, Түркия жана Беларустан күйүүчү май ташып келди

Кыргызстан Кытай, Түркия жана Беларустан күйүүчү май ташып келди жана ушул тапта өлкөдө бензиндин эки айга жете турган кору бар. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

 

Ал мындан тышкары Россиядан күйүүчү май жеткирүү кайра жанданарын жана сапатынан, көлөмүнөн маселе болбой турганын кошумчалады.

 

Өкмөттүн биринчи милдети — элди кара май менен камсыздоо экенин айткан чиновник күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташын дүйнөлүк рыноктогу абал менен байланыштырды.