Кыргызстан Кытайга жаңы мөмө-жемиштерди — малина, кара бүлдүркөн жана карагатты экспорттоп баштайт. Бул үчүн эки өлкөнүн ортосунда фитосанитардык протоколго кол коюлду.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, буга чейин кыргызстандык мөмөлөр негизинен ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана башка салттуу базарларга жөнөтүлүп келген. Эми фермерлер үчүн Кытайдын рыногу да ачылды.



