Кыргызстан мектептерине электрондук кабыл алуу системасы жаңыртылат

Кыргызстан мектептерине электрондук кабыл алуу системасы жаңыртылат. Бул тууралуу Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева билдирди. учурга карата портал иштеп чыгуу стадиясында.

 

Ал качан ишке кирет азырынча белгисиз. Бирок балдарды мектепке кабыл алуу тартиби өзгөрүүсүз калат — алгач жашаган жери боюнча кабыл алуу жүргүзүлөт, андан кийин бош орундарга ата-энелер балдарын каттай алат.