Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында эл аралык почта алмашуу пункту ачылат

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында эл аралык почта алмашуу пункту ачылат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Торугарт көзөмөл-өткөрүү жайында Кытай менен эл аралык почта алмашуу пунктун ачууга даярдык аяктап жатат.

 

Ачылышы апрель айына, ал эми тутумду тестирлөө ушул айга пландалууда.

 

Жаңы пункт почта жана электрондук соода жүктөрүнүн иштетүү убактысын тездетип, эки өлкө ортосундагы логистиканы жакшыртат.