Кыргызстан менен Түркия миграциялык тартипти жеңилдетет

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, кеп кыргызстандыктар үчүн жашоого уруксат алуу төлөмдөрүн азайтуу, миграциялык эрежелерди жөнөкөйлөтүү жана эки өлкөнүн жарандарынын ID-карталар аркылуу өз ара каттоосун киргизүү мүмкүнчүлүгү тууралуу болууда.

 

Расмий маалыматка караганда, учурда Түркиянын аймагында 35 миңден 45 миңге чейин кыргыз жараны жашайт.