Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча акыркы протоколго кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, бул документ чек арадагы жолдорду пайдаланууну жана жаңы жолдорду салууну камтыйт. Белгилеп кетсек, документке эки өлкөнүн УКМК жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кол койду.



