Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасына чек ара мамычаларын орнотуу башталды

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасына чек ара мамычаларын орнотуу башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

 

Мамычалар Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек аралары кесилишкен тилкеден тартып орнотулууда. Бул иштер эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессинин алкагында жүргүзүлүп жатат.

 

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын жалпы узундугу 1 миң 8 чакырымдан ашат. Буга чейин чек аранын 416 чакырымдан ашык бөлүгүндө биргелешкен талаа иштери жүргүзүлүп, чек ара белгилерин орнотуучу жайлар аныкталган.