Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы үч көзөмөл-өткөрмө пункту 24 сааттык иш тартибине өтөт. Бул тууралуу Фергана облусунун акимиатынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Фергана” чек ара-бажы пункту, Шахимардан айылындагы “Оккия” бажы пункту жана “Сох” өткөрмө постунда жайгашкан “Чашма” көзөмөл пункту күнү-түнү үзгүлтүксүз иштеп баштайт.
Бул чара жарандардын өтүүсүн жеңилдетүүгө жана эки өлкөнүн чек арасындагы өткөрмө пункттарда кезек күтүү көйгөйүн азайтууга багытталганганы айтылат.



