Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети кабыл алды.
Документте визасыз режим өлкө аймагына мунай ташып келген күндөн тартып беш суткадан ашпаган мөөнөткө белгиленген. Эгер айдоочулар бул тартипти бузса Кыргызстан аларга карата тышкы миграция жөнүндөгү мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптарды колдонот.
Документ 4-сентябрдан тартып күчүнө кирди.
Өлкөнүн ички рыногун күйүүчү май менен камсыздоо үчүн Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майды ташып келүү боюнча Россия, Беларус, Кытай жана Өзбекстан менен кызматташып жатат.



