Кыргызстан Орто-Токой чакан ГЭСин Кытай менен бирге курат

Кыргызстан Орто-Токой чакан ГЭСин Кытай менен бирге курат. Тиешелүү келишим  “Чакан ГЭС” ишканасы менен кытайлык компаниянын ортосунда жетишилди.

 

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы кубаттулугу 21 мегаватты  түзгөн үч гидроагрегаттуу станция өлкөнүн суу ресурстарын туура колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган ГЭС Орто-Токой суу сактагычында курулат.

 

Келишимдин шарттары, каржылык жагы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.