Кыргызстан Памирдеги этникалык кыргыздарга гумжардам жеткирди

Кыргызстан Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирди.

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, колдоо Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган кыргыздарга көрсөтүлдү. Аларга медициналык жана ветеринардык дары-дармектер тапшырылды.

 

Экспедициянын алкагында кардиологдор, тиш дарыгерлер жана акушер-гинекологдор 700дөн ашык адамга медициналык жардам көрсөттү. Мындан тышкары, бодо жана майда мал үчүн ветеринардык дарыларды туура колдонуу боюнча окутуу жүргүзүлдү.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.