Кыргызстан Россиядан бажы төлөмүсүз алып келинүүчү күйүүчү майдын көлөмүн көбөйтүүнү пландоодо. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын аягына чейин Кыргызстан дизелди 100 миң тоннага көбөйтүүнү, ошондой эле авиакеросин боюнча квотаны 60 миң тоннага жогорулатуу күтүлүп жатат. Кыргызстан жыл сайын Россиядан 1,2 миллион тонна күйүүчү майды бажы төлөмүсүз алып келет.



