Кыргызстан сасык тумоого каршы вакциналардын ири партиясын сатып алды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинен билдиришти.
Мааалыматка ылайык, 67 миң вакцина алынган. Азыр дарылар аймактарга таратылып жатат.
Бишкекте жана Чүй облусунда ушул жуманын аягында эмдөө башталат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



