Кыргызстан тарыхта биринчи жолу улуттук валютаны өз өлкөсүндө басып чыгара баштады.
Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата 20 жана 50 сомдук алгачкы банкноттор чыгарылды.
Буга чейин кыргыз сому 30 жылдан ашуун убакыт чет өлкөлөрдө басылып келген. Эми майда номиналдар “Учкун” ачык акционердик коомунун базасында чыгарылып, анын ичинде эскирген банкнотторду жаңыртууга колдонулат. Улуттук банк өзүндө валюта өндүрүшүн жолго коюу өлкөнүн экономикалык көз карандысыздыгын бекемдейт деп эсептейт.



