“Кыргызстан Улуттук электр тармагы” ишканасы кышка расмий даяр

“Кыргызстан Улуттук электр тармагы” ишканасы кышка расмий даяр.

Компаниянын бардык филиалдары тиешелүү паспортторду алышты.

Бул документ кыш мезгилинде энергетика тармагынын ишенимдүү жана туруктуу иштеши үчүн зарыл болгон шарттардын аткарылышын тастыктайт.

Паспорт алуу үчүн ишканалар жабдууларды, көмөкчордондорду жана электр линияларын жаңыртышты.

Мындан тышкары имараттарды, курулуштарды жана транспортту оңдоо иштери жүргүзүлдү.