Кыргызстан жарандарынын Казакстандын аймагына кирүү жана жүрүү тартиби өзгөрүүсүз калууда

 

Кыргызстан жарандарынын Казакстандын аймагына кирүү жана жүрүү тартиби өзгөрүүсүз калууда.

 

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, учурда коңшу өлкөдө “QazETA” системасы пилоттук режимде иштеп жатат.

 

Бул системаны кыргызстандыктар үчүн колдонуу азырынча милдеттүү эмес. Миграциялык эрежелерге өзгөртүүлөр киргизилип, Казакстан тараптан расмий маалымат түшсө, Тышкы иштер министрлиги жарандарга кошумча маалымат берет.