Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭС каскадын кайра жандандырууну көздөп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Министр Таалайбек Ибраев долбоорго байланыштуу инвестицияларды тартууну талкуулоо үчүн энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен жолукту.
Эске салсак, буга чейин “Русгидро” менен биргеликте жалпы кубаттуулугу 238 мегаватт болгон 4 станцияны куруу пландалган. Анда долбоордун баасы 727 миллион доллар деп бааланган, бирок бир катар себептерден улам ишке ашпай калган. Эми Россиянын компаниясы кайрадан долбоорго кызыгуусун көрсөттү.



