Кыргызстанда 1-апрелден тарта маданият кызматкерлеринин айлыгы дээрлик эки эсе көбөйөт.
Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Ведомство маалыматына ылайык, учурда эмгек стажы жок артист айына 16 миң сом алса, жогорулатуудан кийин 35 миң сом алып калат.
Бардык маданий мекемелердин негизги персоналы үчүн президенттик төлөм киргизилет — толук ставка үчүн 15 миң сомдон. Ал эми кичи жана техперсоналга 5 миң сомдон кошумча акы каралат. Жогорулатуу тармактагы бардык кызматкерлерге тиешелүү болот.



