1-апрелден бүгүнкүгө чейин Бишкекте 22 миң бала 1-класска катталды.
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, алардын ичинен 11 миңден ашык орун кыргыз тилинде окуткан класстарга, 10 миңден көбү орус тилинде билим берүүчү класстарга кабыл алынды.
Жалпысынан, 15-июнга карата Бишкек шаарында 1-класска 4,5 миң бош орун бар.
Быйылкы жаңы окуу жылына өлкө боюнча жалпы 192 миң орун каралган. Учурда 82 миң орун бош турат.



