Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясынын баасы 27 тыйынга кымбаттайт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги эскертет. 2030-жылга чейин жыл сайын майда тариф жогорулап турары айтылган.
Быйыл 27 тыйын, 2027-жылы 33 тыйын, 2028-жылы 39 тыйын кошулат. 2029-жылы 47 тыйынга жана 2030-жылы 57 тыйынга көбөйөт. Керектөөчүлөр 1-майдан тарта 700 кВт саатка чейин колдонгон электр энергиясына 1 сом 64 тыйындан, андан ашса 2 сом 94 тыйындан төлөшөт. “Чексиз” тарифи калк үчүн 4 сом 17 тыйындан эсептелет.
Белгилеп кетсек, учурда жарыктын баасы калк үчүн 700 кВт/саатка чейин 1 кВт/сааты 1 сом 37 тыйынды түзөт.



