Кыргызстанда 100дөн ашык көп кабаттуу үй мыйзамсыз курулган

Кыргызстанда 100дөн ашык көп кабаттуу үй мыйзамсыз курулган. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.

 

Анын айтымында, мындай объектилерди мыйзамдаштыруу процесси жүрүп жатат. Башкача айтканда, агенттик долбоорлорду даярдап, изилдөөлөрдү жана экспертизаларды жүргүзүп, аларды реестрге киргизип, пайдаланууга берүү сертификаттарын берет.

 

Маалым болгондой, өткөн жылы 16 объект мыйзамдаштырылган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.